дыбыра

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Дыбыр-дыбыр этүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…/ Кайнап аскер келатат, / Кара курттай жабылып, / Чыккан чөптөй жыбырап, / Кумурскадай быжырап, / Тосуп чыккан алтымыш, / Топко тийди аралап, / Мөндүрдөй октор дыбырап, / Жамгырдай жебе зырылдап, / Очогор үнү зүңүлдөп, / Жазайыл атып, жаа тартып, / Жер чайкалып сүлкүлдөп, / Тоо силкинип карсылдап,. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Таштын баары дыбырап, / Жер солкулдап тоо кулап, / Талкаланып кетти эле, / Жуурулуп канга топурак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…п кетти жымылдап, / Согум айы болгон кез, / Көк көрүндү жымырап, / Чээнге кирген курт калбай, / Чуркап жүрөт кыбырап, / Боордо борпоң таш калбай, / Баары түштү дыбырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ “Адашып жолдон калыпмын, / Лахасанын шаары», — деп / Жана айланды Айчүрөк, / Көзүнөн жашы дыбырап, / Күн багыт көздөй бет алып, / Тептегиз тоону кыдырат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Теректин башы дыбырап, / Жандын баары кыбырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →