душмандык

китептерде 8 жолу, 4 китепте
  1. Кастык, жоо болгондук, зыян келтирүү жагына, жамандыкка алып баруучу аракеттер.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Душмандыгын билгенде, / Нарындагы кыргыздан / Эки киши жөнөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Душмандын малы ар качан, / Душмандыгын кылат деп, / Чакмакташтын тулпарын, / Башын чаап таштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
– деп ийди, / Эркек бала төрөштүн, / Бирөө да кебин кылбады, / Душмандык кылып киргенин, / Айчүрөк мындан ылгады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…арын бөлөсүң, / Туугандык кылса Семетей, / Урматын анын көрөсүң, / Абама бара калайын, / Айтып кабар салайын, / Туугандык кылса Семетей, / Алып келе калайын, / Душмандык кылса тил албай, / Анда кабар кылайын, / Деп айтканда гүлчоро, / Ач бөрүдөй умтулуп, / Чапанын тетир кымтынып, / Хан Көкчөнү эске алып, / Төрө Үмүтөй үшкүрүп, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Душмандыгы болбосо, / Кол жыйабы Ойротуң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →