душмандаш

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Касташуу, жоолашуу, бири-бири менен кас болуу, бири-бирине карата жамандык иштерди жүргүзүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айтып койуп кыргызга, / Ач жолборстой чамынып, / “Душмандашкан калмактын, / Кара аскерде айып жок, / Хан буйругу ушул” деп, / Келген калмак караан топ, / Кененим мындай кеп ойлоп, / Каз таман найза карманып, / Касаба тоодой жарданып, / Качырып тийди алдынан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Таластан башка элдерге, / Кеңеши жок иш кылып, / Душмандашып калдыңыз, / Көңүлүн элдин оорутпай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…енин кылбай калбаган, / Көк темирдей эр экен, / Көгүрөөк туулган неме экен / Эби келсе абаке, / Тууганыңа теңелбе, / Душман киши ал эмес, / Тууганыңа өчөшүп, / Душмандашып калганың, / Семетей сага жол эмес, / Аттанып алып баралы, / Астына жакын калганда, / Аттан түшө калалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →