дуудун

китептерде 4 жолу, 4 китепте
  1. Кытайдын атлас жана шайы кездемесинин бир түрү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кошойдон бери буларды, / Бузулбай келди деди эле, / Алтын –күмүш, зары көп, / Жакут, шуру дагы көп, / Торгун, дуудун андан көп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…тийгизбей, / Алтымыш капка Каканды, / Кыргыз алды дегизип, / Эрегишип олтурбай, / Айланы, Коңур, табыңыз, / Абийирди эптеп жабыңыз, - / Айтып Күдүк токтолду, / Дуудундун бири Чабалай, / Атырылып октолду: / — Күдүк болбой өлүп кал, / Көр түбүнө кирип кал, / Кыргызга тартуу бергендей, / Бар бекен бизде бекер мал?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аз эмес дүйнө - мал-пулуң, / Адам атын билгисиз, / Дүрүйө, буулум, дуудунуң, / Алтын менен жык болгон, / Асыл кайыш куржунуң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…ең,, / Сейтек толсо сыныңа, / Элиң менен шаарыңды, / Энчисине кызыңдын, / Кошуп бергин баарыңды – / Айабагын малыңды, / Алтын, күмүш, зарыңды, / Торгун, тубар, дуудунду, / Суусар, булгун, буулумду, / Сүлөөсүн менен кундузду, / Колуңан келсе кошуп бер, / Асмандагы жылдызды, / Айкөл шердин тукуму, / Айабагын бир кызды”. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →