дуу

китептерде 61 жолу, 9 китепте
  1. Күүлдөгөн үн, баш аламан жапырт чыккан дабыш.
  2. Чыр-чатак, уруш-талаш, согуш.
  3. Кеп болуп кеткен, кеңири таралган ар кандай сөз, кабар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кешмирге жетип болгончо, / Тоонун бойу бүт кыргыз, / Чекесинен кеп угуп, / Лама качты деп угуп, / Калбай келет чогулуп, / Жер жарылган чуу болуп, / Кан төгүлөт суу болуп, / Жаман атты болобуз, / Калың элге дуу болуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Аңгычакты болбоду, / Ажыбай дайны дуу болду, / Ал–жай сурап билүүгө, / Ак ордого эл толду, / Күн жабыкка түшкөндө, / Ажыкең чочуп ойгонду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Хан сарайда көрүшүп, / Колдун учун өбүшүп, / Эсен-соосун сурашып, / Олтуруп калды дуулашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Айдама кошун, калың кол, / Жабалактап дуу чыкты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…ойбой, / Унчукпай жатып тим болбой, / Калбай хандар жоголду, / Кызыл кан кечип бул жерде, / Кылымдан ашкан чуу болду, / Кыргыз, калмак – эки урук, / Уккан элге дуу болду, / Чилдей терип кыйратып, / Зоболоңуз зор болду, / Өзүн-өзү зордошуп, / Баатырдын баары жоголду, / Баарысынан артылып, / Багың, баатыр, чоң болду, / Кула… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →