дурус

китептерде 7 жолу, 5 китепте
  1. Жакшы, түзүк, туура.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Антип барсын кыргыз деп, / Мында калыш дурус деп, / Ойлонгону калышсын, / Башка жерге барбасын, / Бекеринен калбасын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эр Семетей серпилип; / — Кыйнайбыз деп Чынгышты, / Чыныке издеп табыштан, / Башты тартуу дуруспу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Манас досуңа теңелип, / “Кайыр коштоп” болбойсуң, / Миң өлүк жолборс бириксе, / Мышыкчалык алы жок, / Миң шейиттин арбагы, / Бир тирүүчө баркы жок, / Миң күнү көргөн бейиштин, / Бир күнчөлүк наркы жок, / Кайраты жок жигиттин, / Камчычалык дайны жок, / Күнөөлөшүң дуруспу, / Кем учурайт айбы жок? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Анткени, башымдан өткөн күндөрдүн өзүн дурус айтып жеткиргенде да, бирөөнүн жанына тиер таасири бар эле. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Жээренченин баласын жоош көрүп жүрүүчү элем, Жээренченин айтканы дурус экен, – деп кан Жээренченин сөзүнө айран калган экен. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →