дулдуй
- Таарынган, капа болгон же жактырбаган кыязда кабагын салып унчукпай коюу, сыртын салып, сөз катпоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Этектери далпылдап, / Эки буту салпылдап, / Күрөөсү көөп балкылдап, / Мингени керк дулдуйуп, / Өңүн бузуп буржуйуп, / Тапан хандын алдына, / Келип турду тултуйуп, / Кылчыкпаган бетине, / Алдыңкы ээгим мултуйум: / — Ат көтөрбөй керкминдим, / Эрдигимди сен билгин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →