дудук

китептерде 13 жолу, 8 китепте
  1. Кулагы укпаган жана сүйлөө жөндөмү жок адам.
  2. өт. Көп сүйлөбөгөн, унчукпаган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жалдырап-жайнап турасың, / Баарынын кебин угасың, / Сүйлөйүн десең тил дудук, / Басайын десең бутуң жок, / Кармайын десең кол чолок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Дудук эмес тили бар, / Кыйар дештин себеби, / Ушундай жерде айтылар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Буту сынган төкөр көп, / Колу сынган чолок көп, / Кулагы жок мулук көп, / Тил сүйлөбөс дудук көп, / Көзү аккан сокур көп, / Бели сынган бүкүр көп, / Жал-жал тиктеп жаткан көп, / Жаны чыкпай аткан көп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Азизхандын Алмамбет, / Тил байланып унчукпай, / Жалдырап тиктеп дудуктай, / Аш бышымда каржалды, / Улутунуп токтобой, / Тутамдап сакал кармады, / Оозунан чыккан көк түтүн, / Булутту айдап аңтарып, / Асманды тиктеп чакчайып, / Ооз ачкан пенде жок болду, / Ошонго дейре үн салып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Деп, ойлошуп калың журт, / Дудуктай тили байланып, / Кускусу келип, көөнү айнып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →