дубана
- Динге үгүттөө максатында диндик ырларды айтып, кайыр сураган адам, диний көз караштагы адам. Сопулуктун (суфизмдин) бир көрүнүшү.
- сүйл. Тилемчи, кайырчы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ки жолборс күркүрөп, / Шамал чыгып артынан, / Жер айрылып дүркүрөп, / Алдында сойлоп ажыдаар, / Түргөн чийдей карааны, / Бармактай кызыл меңи бар, / Кызыл бала дубана, / Суулугунан алганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…/ Калды баарын муң басып, / Бир табак алтын алгандар, / Көтөрө албай калгандай, / Калдайган кара тоо басып, / Жетим-жесир карыптар, / Сокур, чолок, майыптар, / Дубана менен эшендер, / Басалбай жаткан кеселдер, / Колу кыска нечендер, / Пул алышып күүлдөшүп, / Күлкүсү батпай ичине, / Күңгүрөнүп күүлдөшүп, / Нары-бери чууруп, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Асынган көлбөр жонунда, / Шалдыркан аса колунда, / Кирип келди аралап, / Кызыл бала дубана.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Дубана келсе бурбаган, / Туруп салам кылбаган, / Кожону көрсө коппогон, / Коп салам кылбаган, / Кожо келсе сай салган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Таяк бутактуу кадимки дубаналардын аса-мусасынын өзү!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →