дубала
- Дуба окуу жолу менен сыйкырдоо, дуба окуу менен кубултуп жиберүү, көз боочулук сыяктуу таасир берүүгө аракеттенүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Изиңди кууп тапкандан, / Дубалап топо чачкандан, / Токсон күн болгон жогуңду, / Көргөндөй көзөп тапкандан, / Булутту койбой эркине, / Каргаса карын жаадырган, / Жалгаса жамгыр жаадырган, / Шаң…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Аттын изин кубалап, / Ар күнү топо дубалап, / Адырды басып аралап, / Кырга чыгып олтурса, / Өргөн иттей сабалап, / Ойдо жатат көп калмак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…нык билчү Алмамбет, / Касийде менен сыйкырды, / Анык билчү Алмамбет, / Агы менен карын, / Айра билчү Алмамбет, / Кол башындай түйүнчөк, / Колуна алып имерип, / Дубалап күндү жиберип, / Булуттун баарын бурултуп, / Бурганак мөндүр куйултуп, / Алай-дүлөй борошо, / Бөрүдөн бетер улутуп, / Турган жандын баарысын, / Койнун карга то…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эки күн өтүп кеткенде, / Музбурчактын Аккубак, / Анжунун элин азгырып, / Элүү миңин котчу алып, / Жапандарды кубалап, / Суук Шиберге барганда, / Өзү жайчы Аккубак, / Күндү жайлап дубалап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Мастен кемпир кийиктен жадап, анын тилин дубалап байлап коет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →