дубал

китептерде 19 жолу, 4 китепте
  1. Короо-жайды, имаратты ж.б. тегерете кирпичтен, топурактан ж.б. бийиктей жасалган тосмо, коргон.
  2. Тамдын, имараттын керегеси.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бир бакса салып өндүргөн, / Бир аттатып көндүргөн, / Эки бакса өндүргөн, / Эки аттатып көндүргөн, / Алтымыш бакса дубалдан, / Аттантып аны үйрөткөн, / Жаныбарым Кылжейрен, / Кыйа тартып чуу десем, / Жандоочу деген сепилден, / Кыл тийгизбей секирген. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Куйруктан түтүн буу чыгып, / Обону карай созулуп, / Күүсүнө чыдап тура албай, / Көөнөргөн дубал-тамдардын, / Канчасы калды бузулуп, / Коргондору бүт элге, / Үйдө-эшикте олтурган, / Талаа-түздө жүргөнгө, / Доошу такыр угулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ «Каран тун башка тушту — деп, / Кара кыргыз калкынан, / Таалайдын кушу учту — деп / Бул арам өлөгөн Канчоро, / Арстандан калган бууданды, / Эмчектеш болгон тууганды, / Салылуу коргон дубалды, / Залкар тоодой буларды, / Салбар чоро кулатты! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Дубалга бир кишинин башы жетпей турат эле, жакшы болду, – деп падыша кыз кыздарды ээрчитип чыгат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Тетиги дубал сага окшогон жигиттердин башынан бүткөн, – деп дубалды көрсөтөт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →