дуба
- Өлгөн адамга же башка кандайдыр бир диний жөрөлгөлөргө, ырымжырымдарга байланыштуу жакшылык тилегин, көңүлүн билдирүү иретинде окулуучу бата кылуу ырымы.
- диал. Салам.
- Тумарга жазылган сөздөр.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Купуйа окуп буларды, / Көз байлоочу дубаны, / Маскара кылып дөөлөрдү, / Татылданын үстүнө, / Басып өзү киргени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ар жактакы элдерден, / Сыйкырдуу дуба билгенден, / Булутту кармап асмандан, / Ат ордуна мингенден, / Ортонуна жыланды, / Камчы кылып илгенден, / Жетимиш киши жабырап, / Колу- бутун баатырдын, / Байлайбыз деп бастырбай, / Түркүн-түркүн дубасын, / Түрмөгү менен салганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жетимиш эки калмакча, / Күн жаадырчу дубаны, / Жатка билчү Алмамбет, / Борошо-шамал аралаш, / Мантка түйгөн Алмамбет, / Жарык күндү түн кылчу, / Бул ааламды буй кылчу, / Жаадыкөйдү калтырбай, / Канык бил…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сокуну минип ат кылып, / Көп дубаны жат кылып, / Сок билек менен ор ийрек, / Өнөрүм ошол мага керек, / Апсун окуп үйрөндүм, / Эркимче ойноп жүргөнмүн, / Кененимдин Сейити, / Тар курсагын билбедим.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Бала өлгөнү жаткан кызды көрүп, ага жыландын үйрөткөн дубасын окуду эле, ошол замат кыз төшөктөн баш көтөрүп, айыгып чыга келди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →