дотация
- Мекемелерге, ишканаларга, ар кандай уюмдарга ашык сарпталып кеткен чыгымдарын жабуу жана түрлүү керектөөлөрүнө жумшоо үчүн мамлекет тарабынан берилген акча каражаты, жардам.
- Калк керектөөсүндөгү айрым товарлардын сатык баасын салыштырмалуу төмөнкү деңгээлде кармап туруу максатында бюджеттен бөлүнгөн акча каражаты.
- Күндөлүк чыгымдарды жабуу үчүн бекер жана кайтарымсыз негизде мамлекеттик бир деңгээлинен экинчи деңгээлине берилүүчү бюджеттик каражат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Китептерде бул сөз азырынча табылган жок.