достук
- Бирин-бири кадырлоого, тилектештикке, руханий жакындыкка, өз ара жардамдашууга ж.б. негизделген таттуу мамиле.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ошентип Алмаң барганы, / Атын киши албады, / Өзү түшүп байлады, / Токтор менен Чайаны, / Айланасын бир карап, / Алмамбет көзү жайнады, / Ошентсе да достукту, / Жаман жакка кыйбады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айтып турган убагы, / Алмамбетте ошондо, / Акты достук булагы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
түлөк балапан, / Гүлчоро деп айтарга, / Дагы эбим келбеди, / Эри менен баласын, / Менден айап турат деп, / Көөнүнө алар бекен деп, / Чынымды айтам жашырбай, / Достугумдан ырас кеп, / Ак куу кебим жолумда, / Асмандап учуп жүрсөм да, / Ургаачы болуп калыпмын, / Эрге тийбей амал жок, / Качып тийдим башында, / Он сегизге келипсиң, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Уйалгандан Семетей, / Унчукпады, тим болду, / Алтымыш нарга мал артып, / Алтын, күмүш дагы артып, / Жаңыдан кылып достукту, / Семетейге кол артып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– Болуптур, досум, мени достукка санап, балаң экөөң тезинен үйгө келип, конок болуп кет, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →