дордой

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Одурайып, борбойгон көрүнүштө болуу, калбайып калың көрүнүү, калың тартуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Пили менен томпойуп, / Куйругу кыска чолтойуп, / Оройу суук доңуздун, / Өтө башка дордойуп, / Салаңдап мурду ормойуп, / Бети калың томтогой, / Орто бойлуу кортогой, / Эки эмчеги баладай, / Булчуң этин карасаң, / Кысыр эмди танадай, / Эки бети талаадай, / Эки көздүн ортосу, / Чөп ташыган чанадай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Көрүнүп турган койкойуп, / Сыр найза калды жоголуп, / Сыр найзанын ордунда, / Сейитек турган дордойуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →