доор
- Заман.
- Тарыхый өнүгүштүн белгилүү бир мезгили, убагы.
- Белгилүү бир аралыктагы мезгил, учур, убак.
- Учуру, кыябы келгенде.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Барбаса Асыл аркаңдан, / Жедигер менен коросон, / Хан Каракөз, Салаадан, / Биз айтабыз күбөлүк, / Ким болсо хан испанга, / Элге да болсун түбөлүк, / Кол кармашып үч улук, / Көкбөрүгө кошулуп, / Түбөлүк доор сүрөлүк, / Эли кимди көтөрсө, / Бүткүл испан элине, / Ханы ошол түбөлүк.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кечээ Бекбачанын доорунда, / Чоң атам менин Каракөз, / Ээ болуптур баарына.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Коңурбай кебин укпады, / Жаңжүндөр айтып турганы: / — Эсенхан, көсөм атабыз, / Дооруңда дуулап жатабыз, / Өзүңдөн буйрук болгондо, / Өлүмдөн кантип качабыз?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кызды кармап бергиле, / Жашыл жээкке өзүң ээ, / Шоркөлдүн ээси Тапан хан, / Тагыңарга мингиле, / Тамтаңдабай тим эле, / Тайныңар менен жүргүлө, / Өмүрүңөр канчалык, / Дардайып доор сүргүлө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Аман болсоң, жалгызым, / Өлгөнчө доор сүрөсүң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →