доол1

китептерде 20 жолу, 3 китепте доол 2 →
  1. диал. Доолбас.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жан айланып агарып, / Шоолалап таңдын атканы, / Аңгычакты болбоду, / Калмактар доол какканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…йкөл Манас шер баштап, / Абаң Бакай, зор баштап, / Ойрон Чубак чоң баштап, / Кырк жигиттин бири эле, / Кыраан Сыргак эр баштап, / Калабалуу Кыргыл чал, / Кагып доол салыптыр, / Кыргын тийген немедей, / Кырк баатырдын бардыгы, / Кыйрап жөнөп алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кобулдуунун өзөнгө, / Конулсун деп шол жерге, / Баашалык доол кагылды, / Капчыгай ичи жагырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Түгөтөт экен бизди деп, / Төгөт экен жинди, деп, / Чоролору Манастын, / Куткарбайт окшойт бирди, деп, / Калмактар качты дүбүрөп, / Аңгыча доол кагылды, / Жердин бети дүңгүрөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Деп Тазкара турганда, / Доолбас үнү угулду, / Куткарбастын элинен, / Урушка доол урулду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →