доолбас

китептерде 79 жолу, 8 китепте
  1. Тегерек кылып ийилген тактайча алкактын бир бетине көбүнчө төө териси капталып, согушта, аңчылыкта колдонулуучу барабан.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ан келген жаш арстан, / Аппак темир болоттон, / Алты айлантып курчанып, / Кийгени темир көгөрүп, / Буттап темир өңөрүп, / Найза колдо зыңгырап, / Кытайча кызыл доолбас, / Чымын тийсе кыңгырап, / Айбалта жанда жалтылдап, / Асаба колдо калкылдап, / Кылыч белде шыңгырап, / Кыргыздан чыккан жаш арстан, / Келди айылга чукулдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ол башкарган мыктысын, / Койбой баарын келтирди: / — Тайарлыгың кыл, — деди, / Тайар болуп тур, — деди, / Керней тартып чуу салып, / Сурнайдын үнүн чыгарбай, / Доолбасты урбастан, / Айал кылып турбастан, / Коросонго караган, / Таласты карай бас, — деди, / Ачаканга караган, / Атбашыга түш, — деди, / Чойун алпка караган, / Кең Ка… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
каптап, / Аргымак аттар алкылдап, / Азаматтар үстүндө, / Ар кубулуп шалкылдап, / Белинде кылыч, ай балта, / Күн чагылып жалтылдап, / Жондо мылтык жалтылдап, / Доолбас үнү карсылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ктап, / Айбандан башка көрктөнөт, / Үстүндө минген адамзат, / Колунда алган кушу бар, / Канаттары жаркылдайт, / Учуруп койсо үстүндө, / Тегеренип калкылдайт, / Доолбас уруп какканда, / Учуп чыккан өрдөк, каз, / Түк бирөөнү куткарбайт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кытайча кызыл доолбас, / Чымын тийсе кыңгырап, / Күңгүрөнүп кылдырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →