домдо

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Эмдеп-домдоо. Эмчинин дубаларды окуп жатып оорулунун ар кай жерине колун, камчысын, ж.б. нерсени тийгизүү ырымы.
  2. өт. Азыраак кол тийгизип уруп коюу, какыс-кукус кылуу, бир аз сесин алган болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жандырып кайта чаппаймын, / Бирден-бирден домдоймун, / Найзакерге найзам бар, / Аз келесиң он бешиң, / Ылганып жүзүң чыгыңар, / Жалгыз башым Кененим, / Жүз миңге жалгыз тийерге, / Жадабай турган демим бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Оңдонуп турган Кежиге, / Капталга найза домдоду, / Чыйрак сынган ырчынын, / Мунун да иши болбоду, / Баргандын баарын кулатып, / Баардыгын аттап сулатып, / Бирин-бири кырк баатыр, / Алып жатат куткарып, / Мен дагы чоро бири, деп, / Атасынын көрү, деп, / Баатыр Сыргак чуратты, / Беттешкен пенде оңобу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мен баштаган он балбан, / Бири жүздөй эрди алган, / Ачып көздү жумганча, / Ат үстүндө калбаган, / Бирден домдоп тизеге, / Томолоктоп таштаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Каныкей айтса болбогон, / Барган менен оңбогон, / Алдап туруп Коңурбай, / Айбалта менен домдогон, / Жарасы зилдеп сакайбай, / Арстан Манас сойлогон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Домуң барың домдогун, / Тескери болсо оңдогун, / Эбиң барың эмдегин, / Эркек тууса Чүрөктүн, / Баласын колго бербегин, / Кыз тууса Чүрөк сүйүнгүн, / Сүйүнчүлөп жүгүргүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →