долулан
- Албууттануу, бейжайлануу, ачуусу келип буркан-шаркан түшүү, долулугун карматуу.
- өт. Катуулоо, күчөө, күчөп кирүү, бууракандоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Кан Манас койгон суроого, / Кадим тээден жергелеп, / Жердин сырын бүт билген, / Карт Кошой айтат мындай деп: / — Ушул турган жерибиз, / Тыргоот деген элибиз, / Долуланса бүктөчү, / Дөөлөс эле эрибиз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →