добуш

китептерде 1 жолу
  1. Сүйлөгөндө, ырдаганда, кыйкырганда, сайраганда ж.б. үн түйүнүнүн термелишинен пайда болуп кулакка угулган үн.
  2. Ар кандай музыкалык аспаптар ойнолгондо чыккан бир нерселердин кагылышуусунан, урунуудан же басканда, дүбүрттөгөндө, шуулдаганда ж.б. пайда болгон үн, дабыш, табыш.
  3. Мамлекеттик, коомдук мекемелердин ар кандай маселелерин чечүүдө, шайлоо учурунда адамдардын пикир, ой билдирүү, белгилүү сунушка кошулуу, кошулбоо укугу жана ушундай ой-пикирдин кол көтөрүү, бюллетень салуу ж.б. аркылуу берилген формасы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Артынан барып караса, бир чоң ордун ичинен бир кишинин добушу чыгат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →