диртилде

китептерде 1 жолу
  1. Дене, булчуң эттер булкуп, кескин тартылгандай солк этүү, нерв органдарынын таасири менен титиреңдегендей абалда болуу, дирт-дирт этүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Жарк-журк этип келип тириде жок катуу дабыш менен күн күркүрөгөндө музоолор диртилдеп жыгачтардын түбүнө корголоду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →