диркире

китептерде 4 жолу, 2 китепте
  1. Калтырагандай, титирегендей абалда болуу.
  2. Кысыла чыгып атырыла агуу, дирилдөө, дир-дир этип агуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Балтаны Чубак имерди, / Тизеге тартып жиберди, / Шыйрак жагы ажырап, / Тарамыш менен салбактап, / Сөөгү чыгып агарып, / Диркиреп чийдей кан агып, / Эси ооп эндиреп, / Шапырак жатты булайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ай кыйадан баткандай, / Ааламды туман баскандай, / Бурулча кетти кыр этип, / Каныкейдин сол эмчек, / Ийүүчүдөй зыр этип, / Эмчек берип баланы, / Эптей алса Каныкей, / Эмчегинин үрпүнөн, / Агып турду диркиреп, / Чийдей кызыл кан кетип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Көргөндүн баары диркиреп, / Сийдиги чыгып бүркүрөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Астын-устун кылат — деп, / Адамдын баары диркиреп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →