дин

китептерде 37 жолу, 7 китепте
  1. Кудайдын бар экендигин, дүйнө кудай тарабынан жаралгандыгын жана жөнгө салынып турарын тастыктап, ушул ишенимдин айланасында белгилүү бир системадагы ырым-жырым, эреже, жоболору иштелип чыккан ишеним.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…бей, / Канымды суудай жайар, — деп, / Чыгышты карай түз жүрсөм, / Ат изине салар, — деп, / Абийирим ачып айрандай, / Амалсыз кылып салат, — деп, / Кудайым бир, диним бир, / Асилинде түрүм бир, / Таңгуттун элин табам, — деп, / Баштан өткөн жумуштун, / Баарын айтып барам, — деп, / Таңгуттун эли тил алса, / Котен, Черчен, Лопн… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кааладым, келдим диниңди, / Хан Манас экөөң бирикчи, / Кагамын деген жиниңди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Пайгамбар ак диним ак, / Бейжинде калган алтын так, / Мелтиреген тозоктон, / Бойуңду азат кылам деп, / Качып келген ушул чак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
— Динден безген айбан! Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Балабыз динден чыгыптыр, каапырды алыптыр. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →