дил
- Көңүл, ниет.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эр кененим Сардарга, / Ага дил туулган адамдан, / Шер Гүлүстөн абама, / Арбагын сыйлап аш берип, / Ат чабалы аларга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ошондо эр Көкчөкөз мындай дегени: / — Келбеген менен тили “келмеге”, / Дили келип баланын, / Кара дили агарды, / Үйрөнүп алат калганын, - / Элүү миң колун түшүрүп, / Көөнүндө ишин бүтүрүп, / Сары улагын таптырып, / Садагасын кактырып, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аша турган белиңди, / Бара турган жериңди, / Сындырбастан дилиңди, / Арстаным айтчы кебиңди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Ошондуктан булардын көпчүлүккө кошулуп, согушка кириши — чын дили менен кириши эмес, анчейин гана калың элге кадырымды сактап калайын деген ой менен, жүзүн саткандык болуп көрүндү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Марттык малда эмес, ал адамдын сөөгүнө бүткөн дилинде болот!
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →