дере
- диал. Капчыгай, кууш өрөөн.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ысыккөлдүн Медербек, / Жан айабай чебер деп, / Манастап баатыр бакырып, / Качырып жетти дереңдеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ “Баатырдын огу белек, — деп, / Катышым менин керек” – деп, / Аны менен кээри жок, / Эл чуркурап деректеп, / Көйнөгүнүн ичине – / Төшүнө катып жиберет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Караса, аксак түлкү болуптур, / Акырын басып серектеп, / Кененим жакын жеткенде, / Жейрен болуп бул каапыр, / Качып берди деректеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ашып- шашып ашпаздар, / Аш -тамагын белендеп, / Жүгүрүшүп дереңдеп, / Алты күн өттү арадан, / Тура калып Талана, / Ашырбай жеди тамактан, / Дайардын баарын жеп болуп, / Аттанып чыкты айылдан, / Тармалкөк менен зоңкойуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алар турду дереңдеп, / Санап кырк бир мал берди, / Сүйүнчүгө мына, — деп, / Анталады Жакып бай, / Туучунак атым кана?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →