дердей

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Дардаюу, көөп көрүнүү (көбүнчө мурун жөнүндө).
  2. Мактануу, бой көтөрүү, менменсинүү, чиренүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Балбандык белги башында, / Кулагында эшектин, / Кайчыланып делдейип, / Койбоочудай дүйнөнү, / Үйлөгөн мештей дердейип, / Бойунан чоң курсагы, / Бооз катындай чердейип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…дө, / Какан менен Чынмачын, / Катарлап чаап олжо алып, / Карк алтынга бөлүнүп, / Кабың толгон күнүңдө, / Катарга албай, эске албай, / Эч болбосо кепке албай, / Дердейип жүргөн күнүңдө, / Жерге-жээк, тууган деп, / Толуп турган күнүңдө, / Келбедиң, Чикетей, десеңер, / Өзүң билгин, үч баатыр, / Бар сырымды жашырбай, / Айтып турам… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эшикке чыгып жесекчи, / Хандан жооп алгансып, / Керекке жарап салгансып, / Кирсин деген буйрукту, / Тапкандай өзү балбансып, / Өз ойунда дердейип, / Кербендерге жолукту: / — Жооп берди падыша, / Киргиле силер алдына, / Окчунураак тургула, / Чукул барбай жанына, / Каадасыз киши кептентип, / Калбагыла каар… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жашыл жээкте жүргөндө, / Оймоктуудан уз алдың, / Бети кызыл кыз алдың, / Өңү жылуу катынды, / Эринен тартып аны алдың, / Элебей жүрүп дердейип, / Элден чыгып сен калдың, / Аралап барсаң айылга, / Ажалдан мурун өлөсүң, / Чалма кесек таш менен, / Такыр урат камалап, / Биринен бири кабарлап, / Келе берет сабалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Эшикке чыгып дердейип, / Сураккана үйүнө, / Басып келип деңкейип, / Теги кыйын шашылып, / Жигиттерин чакырып: / — Жети жигит чабарман, / Жетисууда элге бар, / Жезкемпир уулу жети хан, / Жетип ага кабар сал, / Үйдө эркек калбастан, / Тойго келсин бары адам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →