дептер
- Тышталып тигилген, жазуу үчүн колдонула турган барак-барак актай кагаздар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өлгөн атаң Сомбилек, / Дептерин ачып карагын, / Кызмат кылган атаңа, / Жазылуу аты мен бармын, / Өлүп кеткен Сатайды, / Өзүңө айтып мен бардым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Алдынан тосуп күтүнүп, / Алып келип Төштүктү, / Жамгыр чыга түшүрүп, / Черүүнүн санын алышып, / Чоң дептерге салышып, / Үчтөн кылып бөлдү эле, / Айылдын көбүн андан бил, / Мага кана конот, деп, / Таарынгандар болду эле, / Төө жайлоонун белинен, / Калкылдаган кол чыкты…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ — Укурук тандап салды, — деп, / Отуз миң ат алды, — деп, / Сыргак айтып жеткирди, / Черүүнүн санын аныктап, / Дептерге салып бекитти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жети кыраан журтуна, / Алптык аты жетелек, / Дептерге аты түшө элек.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кара аскерди эсепсиз, / Дептерден жыртып таштасак, / Алптарды алып эсепке, / Ашык болсо кун берсек, / Ашып кетсе күн алсак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →