дене
- Адамдын, жаныбарлардын жалпы бүткөн бою, тулку бой.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…лды бези деп, / Кулак түбү ушу, деп, / Муштап өттү Чакмакташ, / Кызыл канга найзаны, / Чыктап өттү Чакмакташ, / Жер кучактап жыгылды, / Топтого башы тыгылды, / Денеден башы бөлүндү, / Бу да көрдү өлүмдү, / Агачалык каңгайдан, / Жана бир бөлүндү, / Алдынкы өлгөн экөөнүн, / Балбаныраак көрүндү, / Найза сайып көрбөгөн, / Найзала…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бир колу бар, бири жок, / Атаңдын көрү дүйнө шок, / Бир буту бар, бири жок, / Опасы жок дүйнө бок, / Денеси калып башы жок, / Теңи калып, теңи жок, / Кулагы жок мулуйган, / Бузулуп мурду бучуйган, / Көзү чыгып олойгон, / Башы жок мойун коройгон, / Өлүп жаткан эрди көр, / Жуушаган койдой торойгон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Күүлөп урган күрзүсүн, / Күчү менен чабаарда, / Эр Сыргактын денесин, / Жерге нандай жабаарда, / Томолонуп атынан, / Тар кезеңге тыгаарда, / (Табылат айла эчен түр, / Чегинен ашкан кыйарга), / Жанагы кийин келгени, / Кош колдоп …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…де, / Ар канча кылса кайратты, / Тоготпой аны койду, де, / Чапса кылыч кеспеген, / Сайса найза тешпеген, / Балтанын мизи батпаган, / Чокмордун күчү жетпеген, / Денеси бекем таштан, де.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Чарчаган денеме жаңыдан бир кубат кире түшкөндөй сезээр элем.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →