ден

китептерде 10 жолу, 5 китепте
  1. Бүткөн бой, тулку, дене.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кастарын тиккен Алашка, / Таманында кор болсун, / Эл үчүн кылган эмгегиң, / Эзелден дениң соо болсун, / Ишиңди кудай оңдосун, / Каз санаган душмандын / Каны агып сел болсун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Абасынан кеп угуп, / Буурулду минип чу койуп, / Буластаган жаш сарык, / Кененимге жолугуп, / Агасын көрүп Кененим, / Саламга алы келбеди, / Аман-эсен дебеди, / Алымсарык жаш арстан, / Кенениме дегени: / — Келипсиң элден Кененим, / Аман-эсен, ден - сообу, / Каныкей, Чүрөк эненин? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жүрөсүңбү дениң соо, / Кемпириң демдүү турабы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ажалы жеткен күндөрдө, / Бир чапкан шамшар мизинен, / Абдыракман мылжым ден, / Өтүп кетти дүйнөдөн, / Ойлобойсуң, көк кемпир, / Сейити андан эр бекен? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
– ден сулуу келинге кеп салса, ал макул болот. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →