демит
- Атырыла кызууланган абалда болуу, улам демеп күчөнүү.
- Кекетүү, үстөмдүк кылуу, кыр көрсөтүү, басынтуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ушуп, / Кылычтан тапкан айла жок, / Калды деми суушуп, / Чокморлошуп койушуп, / Акакташып соолушуп, / Маңдай-тескей марашып, / Дем өткөрүп турушуп, / Кекенишип демитип, / Кетелек алып келишип, / Одарышып бир ээрде, / Тамандашып тебишип, / Кайран жанды кейитип, / Эртеден кечке салышып, / Кечинде кайта келишип, / Баатырлар кайт…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
– / Деп ошентип демитип, / Кыны жок кызыл кылычын, / Кармай алды сабынан, / Калдастап Ажың ошондо, / Катты алды жанынан, / Эңкейип бели бүгүлүп, / Тизесин ийип бүкүйүп, / Башын ийип түңкүйүп, / Кагазды сунуп турду эле, / Аш кайнамда катты алды, / Баш жагына таштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…үрөккө мылгытып, / Канына найза чыктайм, дейт,- / Карагул анда кеп айтат, / Кеп айтканда деп айтат: / — Албарстыны алдаган, / Айлакерсиң сен адам, / Келайтасың демитип, / Кеп кылган болуп байатан; / Койнума жылан кирчүдөй, / Кооптоном чыйрыгам, / Жатындаш тууган болсоң да, / Жакындаба садагаң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Гүлүс жакка бет буруп, / Оо, султандан калган белегим, / Ак калпак кыргыз эл үчүн, / Абалап өскөн терегим, / Кеткен иш болсо кек кылбай, / Келерин терең ойлогон, / Түпсүз деңиз тереңим, / Кечириң кесип кемитип, / Жасоолдор сабап демитип, / Жабырды жаман тартканда, / Кыргыздан кечем дебепсиң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
сыйбайсың, / Көркүң менен ит долу, / Көбөшүмө тийбейсиң, / Долу сен, кар болоруң билбейсиң, / Кең дүйнөсүн тарытып, / Талкала, — деп долуну” / Жакып хан турду демитип, / Анда туруп Каныкей, / Атасына кеп айтты: / “Атаке баарыбызды тапкансың, / Бала кылып баккансың, / Өлгөн уулуң барында, / Өзүң бек болуп жаткансың, / Кары да…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →