демилге

китептерде 8 жолу, 5 китепте
  1. Белгилүү бир иштин, аракеттин, саамалыктын башталышына, колго алынышына же аткарылышына багытталган жол, баштаган аракет, дем берген күч.
  2. Пайдалуу жаңы сунуш, жаңыдан башталган саамалык иш, чара.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чакмакташ кетти Котенге, / Кардыгач калды какырда, / Шейит булак дегенде, / Өзүң калдың, Жагалмай, / Талдыда жалгыз дөбөдө, / Жаш боорлорум калгыла, / Бекбача кылсын демилге, / Хан Калдыкка жөнөргө! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эки күндө Кененим, / Келип калат бул жерге, / Кененим келсе элине, / Кыргызга болот демилге, / Жер бетинде далда жок, / Сен батпайсың, — деди эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Барар болсоң Бейжинге, / Айкөлүм, сага демилге, / Табамын, — деп хан Бакай, / Эрлерди сынап калды эле, - / Айтбашынын бетинде, / Чечдөбөнүн четинде, / Коргон салган Кошой бар, / Кошойго кабар салабыз, / Кош… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эминеден кемим бар, / Азгаштырып Сейитти, / Алып барайын ал жерге, / Адамга кас ал жерден, / Табылаар мага демилге”. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жакыптын кызы Кардыгач, / Келген экен бул жерге, / Ошондон тартып кыргыздар, / Кара калпак, түркмөнгө, / Болуп келди демилге, / Тынымкан сулуу карындаш, / Биз берели бул элге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →