демик
- Күйүккөндө, чарчаганда ж.б. энтеңдеп оор дем алуу, энтигүү.
- Алга умтулуу, ашыгуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
деп, / Жан жагынан көп издеп, / Эчтеме жок көрүнгөн, / Кайгы жеди Калыбек, / Ого бетер чыйралып, / Теминип кирди Калыбек, / Өлтүрөм деп элөөрүп, / Демигип кирди Калыбек, / Ашыгып кетпейт Кененим, / Өтө оор Калыбек.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Мурда барып жыгылып, / Топого башың тыгылып, / Кийин барып желигип, / Жеп ийчүдөй ээлигип, / Как сооруңа найза жеп, / Качып келдиң демигип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Минген атын теминип, / Жүргүн, деп, Чойтолоң, / Картыке жетти демигип, / Чойтолоң жооп кылганча, / Тазкара келди делийип, / Тазкара жооп берет, деп / Чойтолоң көөнү семирип, / Картыкеге Тазкара, / Кебин айтты энтигип: / — Картыке мага агасың, / Байкап сөздү карагын, / Билесиңби түшүнүп, / Тапан хандын абалын?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Сагынып сага зар бекен, / Сайышар бала келет деп, / Камынганы бар бекен, / Эрте кетип кеч келдиң, / Эстеген тууган бар бекен, / Эрте өлгөн бала келди деп, / Демиккен тууган бар бекен, / Как өзөнгө чыкканы, / Кайың эмес тал бекен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Киргин суудай сүрдөндү, / Борошо жаандай түрдөндү, / Манастын уулу дегенде, / Жан айабай тийди эле, / Ылдамдата теминип, / Калдаңдап өпкө демигип, / Кайра тартпас каар менен, / Чагуучу жылан заар менен, / Укканына теригип, / Качырып кирди желигип, / Маңгыттардын Калкатай, / Өлүмдөн качып баш тартпай, / Н…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →