демжи
- диал. Умтулуу, жүткүнүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Башындагы туулгасы, / Ыргып кетип жоголду, / Демжип өөдө болоордо, / Балта менен Бекбача, / Чокудан нары бир койду, / Казан бактай кара баш, / Алты талаа жарылды, / Айрандай агып кайран мээ, / Кара жерге жайылды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көктү карай атканы, / Демжий түшүп Кержинди, / Дал төбөгө чапканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Коборбостон Балтаны, / Жана демжип сайыптыр, / Аңтарылган Балтанын, / Жүрөк каны агыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кайра качты далпылдап, / Желке чачы салпылдап, / Бура тарта бергинче, / Май сооруга найзанын, / Төрт эли учу тийгени, / Камчы саптай кара кан, / Чычаңы ылдый куйулуп, / Кончторуна киргени, / Эми демжип бир сайса, / Өлөрүн кемпир билгени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…/ Туйагы менен бек басып, / Бере көр, кудай, деп басып, / Тиштеп тартып чойгондо, / Тартылбас мезгил болгондо, / Туйагы менен арканды, / Басып турат аргымак, / Демжип тиштеп жаныбар, / Тартып турат аргымак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →