деме2
- Үстүнө кошуу, кошумчалоо, көбөйүү, күчөө, үстү-үстүнө артуу.
- Бел кылуу, арка тутуу, жөлөк кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ен Жагалмай, / Катар өлүп кеткенде, / Ишибиз болоор бекер деп, / Басып калган Чакмакташ, / Бутун айап чебердеп, / Бозала менен койгулап, / Зырылдатып жебени, / Демеп тартып чойгулап, / Манас деген үн менен, / Канаттуудай зыркырап, / Көргөнгө түрү бир башка, / Ажыдаардай сүр менен / Чакмакташты көргөндө, / Калдыктын бойу сез…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жыыглдым деп эми эле, / Намыс кылбай дегеле, / Жыгылганды ажырат, / Бирден барып ат улап, / Алдынкыга күч улап, / Кыла бергин демелге, / Арбагы Манас жар болсо, / Кененим келет бир демде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Демеп суудан иччү эмес, / Башын суудан көтөрсө, / Эңиш тартып бул аркар, / Чуу койгон бойдон кетчү эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Калтырбастан эт чийки, / Эки демеп бышырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →