демейде
- Дайыма, ар убак, ар качан, жөн учурларда, адатта.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алты кабат темир тон, / Демейде муну кийинген, / Үч жүз кез найза колунда, / Жети кабат калканы, / Мүрүсүнө илинген, / Алты кабат туулга, / Алмадай башка кийилген, / Үйдөй болгон чойунбаш, / Оң далыга асылуу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
— Дүнүйөгө көз тойбогон ач көз байлар, демейде кедейге бир тайдын күчүн берчү эмес эле, эми кантип жаны калып жатат экен?!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ал демейде мындай жемеге туруп берчү эмес эле.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →