дем
- Тыноо, ооз аркылуу тыштан ичке кирген, ичтен тышка чыккан аба.
- Тез, ылдам, тынымсыз.
- Күч, кубат, кайрат.
- Арка, жөлөк, бел, таяныч.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мендей болбойт шор маңдай, / Бекбача жатпайт дем албай, / Манжудан барып кек албай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Чарчаганда дем албай, / Чай кайнамга тынч албай, / Дем өткөрүп бир тынбай, / Талана айтат талабын, / Кененимге туралбай: / — Элким келген, Кененим, / Эдегенде мен сенин, / Эр экениң билбедим.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
- / Баатырдан нечен эр келип, / Агытып ийди үч пилди, / Булаңдатып тумшугун, / Дүмүрөңдөп жүгүрүп, / Такыр баары бүт келип, / Чуулдашат аламан, / Бирине бири дем берип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күндү түнгө улады, / Түндү күнгө улады, / Түгөнгөн Токой тың экен, / Дем албай кетип баратты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
– Иий, мына бит, иий, мына сирке, – демиш болуп олтуруп, кыздын мээсине теменесин кагып жиберет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →