делпилде

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Желге делп-делп этүү, желпилдөө.
  2. өт. Олуттуу болбогон аракет кылуу, дегдөө, ээлигүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көзүр Чубак көк жалдын, / Таш келтесин колго алып, / Окчо кармап мелтиреп, / Күүсү менен Тору аттын, / Этектери делпилдеп, / Тартып ийди машаны, / Бири калбай кыркылды, / Жамбыны тарткан Танабы, / Жамбыны жерге түшүрбөй, / Бекбача кармап алганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сен сурадың эпилдеп, / Мен айтып кирдим жепилдеп, / Арка чачым делпилдеп, / Саамайдан чыккан чачым бар, / Ошо кезде мен Көкөй, / Жыйырма беште жашым бар, / Келген жайым мен айттым, / Баатырдын уулу мабу, деп, / Чигитейди көрсөтүп, / Анда туруп сен айттың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
Жел бардык күчүн жыйнап келип урганда, жаман үзүк делпилдеп, үйдүн жыгачтары кычырагандай болот, ирегеде чийдин бир жыртыгынан эрегишкендей борошо кирип, айдап алган карды коломтого чейин буркуратып таштап турат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →