делдей
- Калдайган көрүнүшө серейип чыгып туруу, далдайып туруу.
- Эмне кыларын билбей далдырап түшүү, селейип, жалдырап туруп калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Балбандык белги башында, / Кулагында эшектин, / Кайчыланып делдейип, / Койбоочудай дүйнөнү, / Үйлөгөн мештей дердейип, / Бойунан чоң курсагы, / Бооз катындай чердейип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Белге чыгып элейип, / Шаңда туруп сербейип, / Этегин шамал чойгулап, / Капшыты көөп делдейип, / Дүрбүнү алып колуна.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Табарсыктын башына, / Таамай муштап өттү эле, / Камгактай учуп Чолпонбай, / Капкайда барып түштү эле, / Жер тайанып делдейип, / Бойун жасап керилип, / Өлүп кетти Чолпонбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бай Жакып чыгып эшикке, / Тура калып делдейе: / “Күнөө бизден өткөн, — деп, / Кеп албай кетсем кантет?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Керели кечке эки колум делдейип, эки жакта — тизгинде.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →