декилде

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Шашкалактоо, энтеңдей жүрүү, тез-тез энтеңдей басуу же жүгүрүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жөө жүгүрү декилдеп, / Таманы тийбей лекилдеп, / Балбандардын үстүнө, / Жетип келди эпилдеп, / Кирип келип эшиктен, / Келгенин айтты кепилдеп: / — Тапан хан мени жиберди, / Балбан… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Колунда тайак кекилдеп, / Ылдамдай басып декилдеп, / Шамал ыргап сакалы, / Ийининен ашып желпилдеп, / Муруттары тиктелип, / Бетинен чыгып сары түк, / Дегеле жаман түктөйүп, / Алынбаган башта чач, / Жалдуу айгы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Терезеден көрүп калышкан белем, Василийдин ачуулуу катыны декилдеп жүгүрүп келди да: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Жанымжан болсо жайдыр-кыш дебей декилдеп, таң заарынан туруп барып, мунун уюн саайт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →