дейре
- Орун, аралык, мезгил, убакыт ж.б. жагынан болгон чекти билдирүү үчүн колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Имерилсе жаныбар, / Жайкалган шибер чөп экен, / Жан барбас туйук жер экен, / Ушул жерде эндиреп, / Кулагы тунуп дүңгүрөп, / Аккуланын үстүнөн, / Жыгылып калды дардайып, / Сулап жатты далдайып, / Дем алганда таноосу, / Узунга дейре барбайып, / Бетине чымын кондурбай, / Аккула турду кайтарып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
– деп, / Эртеңге дейре ал жинди, / Эсине келип калар, — деп, / Эңгиреп мендей жаш төгөөр, / Эркечтен укса кабар”, — деп, / Шашкелик жерге урулуп, / Жаңгактуу жерге урунуп, / Аркайган…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…тээп, / Качкандарын бөлөк тээп, / Сарала мойун соно тээп, / Салыңкы канат кунас тээп, / Агын сууну жээктеп, / Канжыгадан ашканын, / Куйушканга тээктеп, / Кечке дейре куш салып, / Кекилик менен чил алып, / Калың көздөй бет алып, / Токойдо жүргөн бугуну, / Топ-топ жүргөн кайберен, / Кутулган бирөө болбоду, / Эртеден кечке сон…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Азизхандын Алмамбет, / Тил байланып унчукпай, / Жалдырап тиктеп дудуктай, / Аш бышымда каржалды, / Улутунуп токтобой, / Тутамдап сакал кармады, / Оозунан чыккан көк түтүн, / Булутту айдап аңтарып, / Асманды тиктеп чакчайып, / Ооз ачкан пенде жок болду, / Ошонго дейре үн салып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Бул хан бир күндө сарайында түшкө дейре иштеп, калган убактысында элди аралап, "ач, жылаңачтар жокпу" деп жүрүп өткөрчү экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →