дегеле

китептерде 186 жолу, 8 китепте
  1. Деги эле, деги, абдан, өтө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Йобалы коркуп кетти деп, / Биз айтпайбыз дегеле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мелтиреп карап турганда, / Кээ-кээсинде бенденин, / Тилеги жетпейт кудайга, / Капташып Отор кагышты, / Хан Чигитей салышты, / Беттешип Отор кагышты, / Бек Чигитей салышты, / Абалтан бери көп жумуш, / Канча күндөр урушкан, / Болуп өткөн көп жулуш, / Дегеле бирөө окшобойт, / Бүгүнкү кагыш бул уруш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кудуска барсам батырбайт, / Бир күнү менижашырбайт, / Багдатка барсам батпасам, / Мисирге кирсем кондурбайт, / Дегеле мени оңдурбайт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Мен үмүт менен жол тостум, - / Ырамандын Ырчы уулу, / Ычкыры бапык кырк муундуу, / Өзү бейбаш шоктуу уул, / Айтып турган сөзү бул: / — Уйкудан калып түн катып, / Жол тосупсуң, жеңеке, / Келеби Кошой, келбейби, / Мен көрбөдүм дегеле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Семетей уулум эр эле, / Кең пейилдүү эме эле, / Кан чыккан деп кеп салсам, / Койчу, энеке, деди эле, / Сенден көрдү жамандык, / Ырас болду дегеле! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →