дегдеңде
- Шашкалактап, энтеңдеп жүрүү, дегдең-дегдең этүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…лгенде, / Баспай калган Майтору, / Кош кулагын кайчылап, / Ачуу үн чыгып кишенеп, / Айгырдан бетер аркырап, / Ооздугун тиштеп нидерип, / Алдын карай ыкыстап, / Дегдеңдетип көкжалды, / Желе басып ыкчамдап, / Айбан да болсо Майтору, / Кош айтышкан немедей, / Аркасын карап кылчаңдайт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
тирешип, / Кйон колтук алышып, / Чыбыктай бели кайышып, / Оң-тескери жулкушуп, / Дөңгөчтөн бетер булкушуп, / Булкуп-жулкуп ыргытып, / Айагы менен тик түшүп, / Дегдеңдетип сүрүшүп, / Алдын карай тартышып, / Каарданып кармашып, / Калтырбай күчүн арнашып, / Көтөрүп жерден аларда, / Жерден алса көтөрүп, / Чалкасынан саларда, / Салма…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
— деп Көчкүн бир булкуп алып, биздин жаныбызга дегдеңдетип, сүйрөп келди да: — Амалын мунун!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →