даңкан

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Ат чуркаганда туягынан казылып учкан, ыргыган топурак, майда таш, кар ж.б. Чоң казандай даңкандар («Семетей» С.К.).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көөдөнгө найза такылдап, / Туулгага балта чакылдап, / Сынып кеткен найзалар, / Асманга учуп чыркырап, / Аттан учкан даңкандар, / Төбөсүндө быркырап, / Кабактары чүмкөлүп, / Кар жаачу күндөй бүркөлүп, / Колтуктарын чойушуп, / Кош колдоп туруп койушуп, / Олпокторун булушуп, / Тартып сил… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Даңканы менен Көктеке, / Көккө топо сапырып, / Нескараны кайран шер, / Арбагын баштан качырып, / Кагып ийип найзасын, / Көмө койуп өттү эле, / Кайра Чубак тарткыча, / Калмак Ушаң жетти эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Даңкандан чыккан топурак, / Бута атым учуп асманга, / Анан тобу жазылат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…боруна, / Алдындагы тосурду, / Тартып ийип борбуйга, / Мадыкүл деп бакырып, / Бадыректин үнүнөн, / Как айрылып кара жер, / Суулар чыкты чачылып, / Тоосур аттын даңканы, / Топону көккө сапырып, / Кар менен качырып, / Күүсү менен сураттын, / Күчтү найза урганы, / Канкордун уулу эр Семең, / Кабагым-кашым дебестен, / Кенебестен т… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кабылан Бакай Семетей, / Жоргонун чаңын бургутуп, / Атынын башын жулкунтуп, / Артынан чаңын бургутуп, / Даңканын буттан чачтырып, / Мингени жорго булардын, / Калкылдата бастырып, / Эшигине келди эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →