даңаза

китептерде 15 жолу, 6 китепте
  1. Көпчүлүккө дайын болгондук, белгилүүлүк, даңк, атак, даража.
  2. Атак-даңкын көтөрүп, таң калып, кызыгып айтылган сөз, дуу-дуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айкөл атаң Манастын, / Арбагына сыйынам, / Мына бу турган Таңгытты, / Шаарына айдап барбасам, / Бекер калат айтылбай, / Бекбача деген даңазам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чамасы кетип так чарчап, / Былк эте албай калганда, / Өзүң сайып түшүрүп, / Бүткүл жердин жүзүнө, / Даңазаңды жайдыргын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жети кыраан элине, / Жетет го менин даңазам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Даңаза кылып кайткындай, / Семетей чунак көчүп кел, / Манас турган жер ушул”. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Кырк уруу кыргыз эл деген, / Кылымдан атын өчүрөм, / Жердин бетин чаңдатам, / Уккан элге даңдатам, / Айтканымдай кылбасам, / Жексен болсун жер менен, / Угулбай элге даңазам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →