даң1
- Атак, даңк, даңаза.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өз жеринде жүргөндө, / Күн батыш түштүк жагында, / Кубатай баштап онунун, / Куусу кулак тундурган, / Жылчылык жолго угулган, / Бул онунун даңы бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Алты шаар Анжийан, / Абалтадан даңкы бар, / Акими жок бүгүн кор, / Хандык атак сага калаар, / “Аш эритет ташты” — деп, / Байыркынын кеби бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сейитини сайган деп, / Уккан элдин баарысы, / Эрдигиңди даң кылсын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Семетейди өлтүрүп, / Айчурөктү күн, кылып, / Канчоро менен Чачыкей, / Хан, ханышай болууга, / Атак, даңкын дүң кылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Аккуу болуп учканда, / Чоң энем Чүрөк адаты, / Каныкей, Бакай, Чүрөктүн, / Ааламга даңкы тарады, / Не жараттың, кудурет, / Мендей шордуу баланы?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →