даярда
- Белендөө, камылга көрүү, камдоо, даярдык көрүү, даяр кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Кийин чагып өлтүр деп ажыдаарды жиберди, кылычымды даярдап түнү менен карап жатып, ал үйгө кирип келгенде аны бөлө чаптым, анын каны Каракөз айымдын бетине чачырап калды эле, ууланып калбасын деп канын соруп жатат элем, – дээр замат Кыраанкара белине чейин көк таш болуп катып калат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
– Бир дөңгөч, он аркан даярдап бериңиз, күнү-түнү менен барып келем, – деди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Шааысмайыл атты жайлаганча хан үйүнө кирип барат да, тамак даярдап жаткан үч аялды көрүп калат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Ушинтип даярдатып коюп, баласын дагы чакыртат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Алар:"Эми булардын касиетинин тууралыгын текшерип көрөлү"-дешип карашса, Куфа шаарынын падышасынын кызы өлүп, жаңыдан койгону даярдап жаткан экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →