даяр

китептерде 24 жолу, 3 китепте
  1. Колдонууга, бир нерсеге жумшоого, керектөөгө камдалып, беленделип коюлган.
  2. Бир нерсени иштегенге, аткарууга камынган, белен, даярдыгы бар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Таласта калган кыргыздар, / Даярлангын баарыңар, / Үч бөлүнгөн калмактан, / Келип калса Таласка, / Айанбай калба салыңар, / Байкайынчы силерди, / Канчалык бар алыңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Эгер почто келип, жетер замат жолчулар даяр болбосо, же ашууга барганда аттары тартпай калса, почтодо отуруп бараткан төрөлөр жолчуларды омбу карга будалап, тепкилеп коё берүүчү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Биз чокоюбузду чечип, батекбайпагыбызды жайып таштап, жеңилденип даяр болуп отурдук. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
десе, бардык оокат супарада даяр болот. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Бай эки жыл туу калган бээни алып келет жана бир үйдү тиктирип даярдайт, үйдүн ичине эч нерсе койдурбайт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →