даттан

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Арыздануу, муң-зарын, кайгысын, датын айтуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көрбөгөнү көр болсун, / Көңүлү даттан кир болсун, / Барча дөөлөр басташып, / Баскалы жүрөт деп уктум, / Кесек бөөлөр башымды, / Кескени жүрөт деп уктум, / Хандардан келген элчидир, / Кайгуулга келг… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Жашырбай айтчы чыныңды, / Уккум келет сырыңды, / Мен Манастын чоросу, / Бирге жүргөн жоросу, - / Угуп болуп айтканды, / Өкүрүп ыйлап ал байкуш, / Арызын айтып даттанды: / — Элим кыргыз Шанкайдан, / Жерим Бетпак тоосунан, / Алып барган Алооке, / Айдатып малды ушундан, / Манастын элин бир көрбөй, / Ичимде жүрөт көп бушман! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Командирдин бул сөзү чын ниети менен айтылганына көзү жеткен соң, жаңкы барып даттанган киши «мынабу» деп көрсөтө берген экен, көптүн алдында ошол эле жерден тапанча менен басып жибериптир. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Сенин кичүү уулуң мени уруп койду, – деп ханга даттана баштайт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Ал ханга келип, даттанган түрдө минтип айтты: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →