дасторкон

китептерде 89 жолу, 8 китепте
  1. Үстүнө тамак-аш коюу максатында жасалган төрт чарчы материал.
  2. Даярдалган оокат, тамак-аш.
  3. Тойго барганда же өлгөн адамга куран окутууга алып барылуучу тамак-аш, оокат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көкүм барып айтыптыр, / Солк этпей кыргыз жатыптыр, / Кысыр эмди тай сойуп, / Кымызга чайкап бал куйуп, / Дасторкондун бетине, / Канча түрдүү даам койуп, / Конокторго тартыптыр, / Бирге олтуруп Кененим, / Таамды бирге татыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Зулпуканды, бол бас, деп, / Баламдын өзү тапкан дүнүйө, / Дасторконду кең ач, деп, / Күмбөздө турган жеринде, / Эки катын, үч эркек, / Киши анда беш эле, / Үчөөн жумшап Мадыбек, / Чигитей турган сенделип, / Үчөө калды бул жерде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
аралаш, / Томоруп сары май койду, / Аңкагандар жутсун, деп, / Токтотуп койду бозону, / Кымыздан тарткан арактан, / Болушунча аны ичип, / Бата-дуба кылганда, / Дасторконун жыйганча, / Анан Кошой муну айтат: / Кана, балам Ажыбай, / Алда эмне ишиң бар? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Дасторкону ачылды, / Жайнатты Чүрөк асылды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Дасторконун жайышып, / Тамактанып алышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →